Циндао - Кытайдын чыгышындагы шаар. Шаньдун жарым аралынын түштүк жээгинде, Шаньдун провинциясында.

Сары деңиздеги Цзяочжоувань жабык бухтасындагы порточо Калкы 1,7 млн (2010; агломерациясы менен 2,5 млн). Т. ж. бекети, эл аралык аэропорту бар. Метрополитен курулууда. Кир жуугуч машиналарды чыгаруу өнүккөн. Муздаткыч, уюлдук телефон, телевизор, кондиционер өндүрүүнүн ири борбору. Маалымат, биотехнология, медицина ж. б. тармактар боюнча илимий изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштеп чыгуулар өнүгүүдө. Кеме куруу, т. ж. машиналарын жасоо, тамак-аш, текстиль, химиялык, нефть-химиялык, целлюлоза-кагаз ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. ЖОЖ (а. и. Кытай океанология университети), деңиз (Лусунь паркындагы аквариуму менен) музейи, католик собору, Чжаньцяо көпүрөсү ж. б. бар. Ири аскер деңиз базасы. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4