Циозит (словениялык коллекционер С. Цойсдун ысмынан аталган), зауальпит, аниолит (туура аталышы цоизит, азыркы мезгилде циозит деп жазылып жүрөт) - жалкы силикаттар классчасындагы минерал, химиялык курамы татаал Са2А13 (SİOJ (Sİ207) 0 (OH).

Курамы, касиеттери жана пайда болуу шарты боюнча эпидотко окшош. Андан курамында темирдин аздыгы жана ачык түсү (боз, жашгылт боз, жашыл, сары, көк, кызгылт) менен айырмаланат. Ромб системасында кристаллдашат. Агрегаты тыгыз туташ же майда бүртүктүү. Айнектей жылтырайт. Катуулугу 6-6,5; тыгыздыгы 3,15-3,36 г/см3. Метаморфизмден, плагиоклаздын гидротермдик өзгөрүүсүнөн пайда болот. Дубалды жасалгалап каптоодо, айрымдары (тулит (курамында Мп кездешкен Циозит) - кооздук ташы, танзанит (курамында V кездешкен Циозит) - асыл таш) зергерчиликте пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4