Циркон (фарсча заргун - алтын сымал) - силикаттар классындагы минерал, Zr(Si04). Өңү: жез сымал сары, кызгылт боз, айрымдары түссүз.

Ачык кызгылт түстүүсү гиацинт, сарысы жаргон деп аталып, 2класстагы асыл жана кооз таш болуп эсептелет. Катуулугу 7-8; с. салм. 4,6-4,7. Алмаздай жылтырайт. Циркондуу кум калып жана чыдамдуу карапа даярдаш үчүн керектелет. Кыргызстанда Долон циркон жана сапфир кени бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4