Цирроз, бoордун катышы - боордун өнөкөт оорусу.

Мында боор клеткалары бузулуп, өлөт; анын ордуна бара-бара туташтырма ткань жайылыд өсүл, боордун структурасы менен функциясы бузулат. Боор Циррозу вирустуу гедатит ж. б. жугуштуу ооруларда, интоксикациянын (а. и. аракечтик) кеседетинен, айрыкча врачка өз убагында кайрылбай, дарылоо кеч башталганда, врачтын көрсөтмөсүн аткарбай, туура эмес тамактануудан болушу мүмкүн.

Боорго зыян келтирүүчү уу заттардын (хлороформ, мышьяк, фосфор ж. б.) организмге таасир этиши, ошондой эле айрым дарыларды баш аламан ичүү, өт жолдорунун бүтөлүп калуусу, сезгениши да Циррозго алып келет. Белгилери анын түрүнө жана стадиясына жараша түрдүүчө болот. Оору көп жылдар бою билинбейт, текшергенде гана боордун катууланып, чоңоюшу ж. б. байкалат; күчөгөндө оорулуунун алы кетип арыктайт, денеси ысыйт, саргаят, ич көңдөйүнө суу толуп, курсак чоңоёт. Оор кабылдоосунда кызыл өңгөч менен карындын кеңейген, веналарынан кан агат. Дарылоо узакка созулуп, күчөп кеткенде ооруканада жүргүзүлөт. Врач сунуштаган дары-дармек менен катар белоктуу, витаминге бай тамак ичүү чоң мааниге ээ. Алдын алууда вирустуу гепатиттен сактануу, туура тамактануу, алкоголь ичимдиктерин ичпөө, боор ооруларын өз убагында дарылоо зарыл.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4