Чаар бүркүт (лат. Aquila clanga, Pallas, 1811): Шакылдактар.

Чаар бүркүт.
Clanga clanga

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Евразияда түштүк Финляндиядан, Полңшадан, Румыниядан, мурунку Югославия Республикаларынан чыгышты карай Приморңеге жана Түндүк-Чыгыш Кытайга чейин. Россия Федерациясынын европалык бөлүгүндө түндүктү көздөй 64-параллелге чейин, Обң өрөөнүндө 62-параллелге, Енисей өрөөнүндө 63-параллелге чейин, Байкал башында 54-параллелге, Байкал тышында 53-параллелге, Амур өрөөнүндө жана, болжол менен, Приморңеде 49-параллелге чейин. Түштүктө Македонияга, Добруджиге, Украинада болжол менен 50-параллелге, Волга өрөөнүндө 53-параллелге, Батыш Сибирде жана Түндүк Казакстанда 52-параллелге чейин, Түштүк-Батыш Алтайга, Кентейге, Хебей провинциясынын түндүк бөлүгүнө чейин. Түндүк Индияда, Пакистанда, Непалда, Бангладеште жана Мңянмада отурукташкан канаттуу болуп эсептелет . Кыргыз Республикасында көбүнчө Чүй өрөөнүндө, кээде Ысыккөл ойдуңунда учуп өтүүдө кездешет. Мурда Кыргыз жана Алай тоо кыркаларында уялагандыгы жөнүндө маалымат бар.

Жашаган аймактары түзөтүү

Түздүктөрдү, жапыз жана орто тоолуу ландшафттарды артыксынтат, сууга жакын жашайт.

Саны түзөтүү

Чаар бүркүттүн саны боюнча маалымат абдан аз. Ысыккөлдүн чыгышындагы карагай токойлорунда чаар бүркүттүн саны бир квадраттык километрде 0,007 канаттууну түзөт . 2005- жылдын ноябрында А. Остащенко Жаңыжер айылынын тегерегинде Чүй дарыясынын жээгинде бир чаар бүркүттү байкаган.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары) түзөтүү

Миграциялаган түр. Суу канаттуулары, майда таранчы сымалдар, бакалар менен азыктанат, көпчүлүк учурда өзүнөн кичирээк жырткычтардын азыгын тартып алат. Бактын башында отуруп шаңшыйт. Апрелден баштап уялайт. Бактын башына бутактардан жана чырпыктардан жасалган, чоң уя салат. Уясынын ортосундагы ойдуңду жалбырактар менен төшөйт. 1-2 ак түстөгү, кээде кызгылт темгилдүү жумуртка басат.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Уялоо үчүн ылайыктуу жерлердин азаюусу. Кээде – киши тарабынан кырылуусу.

Көбөйтүү (колдо багуу) түзөтүү

Кыргыз Республикасында колдо багылбайт.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Республикада атайын коргоо чаралары жок. Түр I UCNдин Кызыл Китебине 6-категориясына Near Threatened киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Уялоо үчүн ылайыктуу жерлерди коргоо, суу боюндагы токойлордо бак кыюуга тыюу салуу керек.

Статусу түзөтүү

VI категория. Near Threatened, NT. Кыргыз Республикасынын фаунасында уруунун төрт өкүлүнүн бири. Монотиптүү түр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү