Чаар күсөн (лат. Vormela peregusna, Guldenstaedt, 1770):

Чаар күсөн.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Түштүк-Чыгыш Европанын, Алдынкы, Ортонку жана Борбордук Азиянын талаалары, жарым чөлдөрү жана чөлдөрү. Мурун Кыргызстандын Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Түркстан кыркаларынын адырларында жашаган. Акыркы 10 жылдыкта Чүй өрөөнүндө жана Чаткалдын түштүк тарабында таралышы белгилүү.

Жашаган аймактары түзөтүү

Талаалар жана жарым чөлдөр. Дарыялардын өрөөндөрүндө бадалдуу токойлордо кездешет.

Саны түзөтүү

Белгисиз.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары) түзөтүү

Жашоо тиричилигин түнкүсүн өткөрүүчү жаныбар. Кумчулдар, сары чычкандар, кош аяктар жана башка майда жаныбарлар менен азыктанышат. Февралң-мартта жаштары туулат. Негизинен 3-8 тууйт, кээде гана 14кө чейин жетет.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Белгисиз. Жашоочу жерлерин айдоо анын популяциясынын санына тескери таасир этет.

Көбөйтүү (колдо багуу) түзөтүү

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

1985-жылдагы Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген . Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандын Кызыл китептерине киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Иштелип чыккан эмес. Болжолдуу жашоо жерлерин изилдөө иштерин жүргүзүү. Зарыл керектүү коргоо чараларды иштеп чыгуу.

Статусу түзөтүү

III категория, Critically Endangered, CR: R, C1, Республиканын территориясында өлүп жоголгонго жакын уруунун бир гана түрү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү