Чалкан — көп жылдык өсүмдүк. Бардык жерде кездешет. Анын жалбырагы дарылык касиетке ээ. Жалбырагы жайында гүлдөгөн убакта жыйналып көлөкөдө, үй чатырында кургатылат. Кургатылган жалбырагы медицинада кан токтоткуч, жараатта, витамин жетишпегенде пайда болуучу ооруларда колдонулат. Элдик медицинада чалкандын маңызы кызыл жүгүрүк, бөйрөк, табарсык жана боор оорусунда пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8