"Чал жана деңиз" (англ. The Old Man and the Sea) — америкалык жазуучу Эрнест Хемингуэйдин кыска романы. Чыгарма 1951-жылы Багаманын Бимини жергесинде жазылып, 1952-жылы басылып чыгарылган.[1] Бул Хемингуэйдин көзү тирүү кезинде жарык көргөн акыркы негизги көркөм чыгармасы болгон. Анын белгилүү эмгектеринин бири болгон бул чыгарма улгайып калган кубалык балыкчы Сантягонун окуясын баяндайт. Ал Флориданын жээгиндеги гольфстримде үлкөн ийне тумшук балык менен күрөшөт.[2]

Чал жана деңиз
Нукура аталышы The Old Man and the Sea
Өлкөсү  АКШ
Тили англис
Жанры адабият фантастикасы
Беттери 127
Сыйлык(тары) Пулитцер сыйлыгы (1953)
ISBN 0-684-80122-1

1953-жылы "Чал жана деңиз" Пулитцер сыйлыгынын "Фантастика" номинациясына татып, 1954-жылы Нобел комитети тарабынан Хемингуэйге адабият жаатындагы ""Нобел" сыйлыгын ыйгарууга салым кошкону белгиленген.[2]

Сюжети түзөтүү

"Чал жана деңиз" чыгармасында улгайып калган Сантяго аттуу балыкчы менен чоң марлиндин ортосундагы күрөшү баяндалат. Окуя Сантягонун 84 күн бою балык кармай албай жүргөн жеринен башталат. Деңизден олжосуз кайта бергендигинен аны "salao" (такыр иши жүрбөгөн адам) деп да эсептеп башташкан. Жалгыз гана Манолин аттуу кичинекей досу атасынын каршылыгына карабай, чалга жардам берип турат.

Каармандары түзөтүү

Бала чал балык

Шилтемелер түзөтүү

  1. The Editors (25 August 1952). "From Ernest Hemingway to the Editors of Life". Life (Time Inc) 33 (8): 124. ISSN 0024-3019. https://books.google.com/books?id=g1YEAAAAMBAJ&pg=PA124. "Hemingway's work is a 27,000-word novel called The Old Man and the Sea.". 
  2. 2.0 2.1 The Nobel Prize in Literature 1954 (англ.). The Nobel Foundation. Текшерилген күнү 31 -январь (үчтүн айы) 2005.