Чанниң Матью Тейтум (англ. Channing Tatum;1980-жылдын 26-апрелинде туулган) - америкалык актер, бийчи жана мурдагы модель. Актер өзүнүн алгачкы ролун "Машыктыруучу Картер" (англ. Coach Carter, 2005) тасмасында ойногон. Аны жалпы көрүүчүлөргө тааныткан ролу "Бир кадам алдыга" (англ. Step Up, 2006) деген жаштар тасмасында болгон. Ч. Тейтум "Кобранын секириги" (англ. G.I. Joe: The Rise of Cobra) тасмасында Дүктүн ролу менен белгилүү болгон, ошондой эле ушул көркөм тасманын 2013-жылдагы "Өч алуу" (англ. G.I. Joe: Retaliation) деген уландысындагы ролу дагы ага ийгилик алып келген. Бирок жогоруда аталган "Кобранын секириги",""Өч алуу" тасмалары киносынчылардын купулуна толбогондугугуна карабастан, прокатта үч жүз миллион АКШ доллар киреше алып келген.

Ч. Тейтум "Супер Майк" (англ. Magic Mike, 2012) тасмасында жана анын уландысы "Супер Майк XXL" (англ. Magic Mike XXL (2015) тасмасынде роль жараткан жана продюсер болгон. Актер "Жамп стрит- 21" (англ.21 Jump Street, 2014) тасмаларында ойногон. 2010-жылы актер "Жон Тайри" (англ. Dear John), 2012-жылы "Ант" (англ. The Vow) тасмаларында роль жараткан. Ч. Тейтум "Виола-эркек" (англ. She's the Man, 2006) комедиясында , "Эки анжы ой -дилемма (англ. The Dilemma, 2011) комедиялык драмасында "Ак үйдү алуу" (англ. White House Down, 2013) боевик тасмасында, "Түлкү уулагандар" (англ. Foxcatcher, 2014) драмалык тасмасынде, "Жексур сегиз" (англ. The Hateful Eight, 2015) вестерн тасмасында, "Жашасын Цезарь" (англ. Hail, Caesar, 2016). комедиясында ойногон.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү