Чаткал району

Жалал-Абад облусундагы район

Чаткал районуКыргызстандын Жалал-Абад облусундагы район. Административдик борбору ― Каныш-Кыя[3].

Чаткал району
Белгиси
Белгиси
Желеги
Желеги

Чаткал району картада

Өлкө:

Кыргызстан

Абалы:

Район

Киргени:

Жалал-Абад облусу

Курамында:

4 айыл өкмөтү,
22 айыл

Акимий борбору:

Каныш-Кыя

Түзүлгөн убакыты:

1935

Расмий тили:

Кыргыз тили

Калкы (2023):

28106[1]

Улуттук курамы:

Кыргыздар — 97,3%
Өзбектер — 1,3%
Тажиктер — 0,6%[2]

Жер аянты:

4608 км²

Саат алкагы:

UTC+6

Расмий сайты

Тарыхы түзөтүү

1920-жылы Жалал-Абад облусунун аймагы Туркестан Автономдук округуна караштуу Фергана облусунун ревкомунун Анжиян уездинин карамагына кирген. 1920-жылы РСФСРдин Бүткүл Союздук Борбордук аткаруу комитетинин токтому менен Жалал-Абад округу уюштурулуп, борбору Жалал-Абад айылы болуп, анын карамагына төрт район, тактап айтканда, Жалал-Абад, Базар-Коргон, Кетмен-Төбө жана Кызыл-Жар райондору кирген. Кызыл-Жар районунун Кызыл-Жар, Кырк-Уул, Саруу, Баястан, Чанач, Сумсар, Кутлук-Сейит жана Чаткал болуштуктары болгон.

1924-жылдын 14-декабрында Кара-Кыргыз автономиялуу облусу уюшулган. 1924-жылдын 1-февралында Кыргыз АССР болуп уюшулат да ал 1936-жылдын 5-декабрында Кыргыз ССРи болуп түзүлөт. Ал эми 1926-жылдын 6-декабрында РСФСР Жогорку Борбордук Аткаруу комитетинин токтому менен Жалал-Абад округу, Жалал-Абад кантону болуп уюшулат. Райондор болуштуктар болуп түзүлүп, чыңдалат. Жалал-Абад кантону 8 болуштуктан турган. Алар: Жалал-Абад – борбору Сузак айылы, 6 айылдык кеңештен, Көгарт – борбору Сафаровка айылы, 23 айылдык кеңештен, Базар-Коргон – борбору Массы айылы, 10 айдыдык кеңештен, Ноокен – борбору Сакалды айылы, 10 айылдык кеңештен, Кетмен-Төбө – борбору Алексеевка айылы, 15 айылдык кеңештен, Кызыл-Жар – борбору Афлатун, 10 айылдык кеңештен, Чанач – борбору Ак-Таш айылы, 10 айылдык кеңештен, Чаткал – борбору Шекафтар айылы 8 айылдык кеңештен турган.

1928-жылдын 10-декабрында Жогорку Борбордук Аткаруу комитетинин токтому менен Ош округу уюшулат. Ага Ош жана Жалал-Абад кантондору кирет. Болуштуктар жоюлуп аны ордуна 10 район уюшулат. 1930-жылдын 1-сентябрында Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу комитетинин Президиумунун токтому менен округ жана кантондор жоюлуп, республиканын карамагына өткөрүлөт. Ал эми 1935-жылдын 8-февралында Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу комитетинин Президиумунун №8 токтомунун негизинде райондордун биригиши жана жаңы райондордун уюшулушу жөнүндө токтом кабыл алынган. Токтомдун негизинде Көгарт району – борбору Октябрское айылы, Массы району – борбору Массы айылы, Тогуз-Торо району – борбору Атай айылы, Чаткал району – борбору Жаңы-Базар айылы болуп уюшулат.

1938-жылдын 11-мартында Кыргыз ССРинин Жогорку Борбордук Аткаруу комитетинин Президиумунун токтому менен Жалал-Абад округу кайрадан 10 району менен уюшулат, анын карамагында Чаткал району да болгон. Чаткал районунун аймагында 6 айылдык кеңеши болгон. Алар – Ак-Таш, Коргон-Сай, Каныш-Кыя, Чандалаш, Айгыр-Жал, Сары-Булак айылдык кеңештери болгон. Алардын карамагына 6 колхоз кирген. Алар Молотов атындагы колхоз, Каганович атындагы колхоз, Ленин атындагы колхоз, Сталин атындагы колхоз, Фрунзе атындагы колхоз жана Калинин атындагы колхоздор болушкан. 1939-жылдын 1-январындагы кожолуктарды каттоодо Чаткал районунда 4731 адам катталган. Ошол убакта Чаткал районунда 4271 кыргыз, 120 орус, 214 өзбек, 24 украин, 20 казак, 9 татар, 3 немец, 36 тажик, 1 уйгур жана башка 33 башка улуттардын адамдары жашашкан.

1939-жылдын 21-ноябрында Жогорку Советтин Президиумунун Указы менен Жалал-Абад округу Жалал-Абад облусу болуп түзүлгөн. 1944-жылдын 3-январында Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен Талас облусу уюшулгандыгына байланыштуу Чаткал району Жалал-Абад облусунун карамагынан чыгарылып, Талас облусунун карамагына кошулган. Ал эми 1944-жылы Чаткал району жоюлуп, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун карамагына кошулган.

1980-жылдын 9-сентябрында Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен Чаткал району кайрадан уюшулуп, борбору Жаңы-Базар айылы болуп, Талас облусунун карамагына кошулган. Ал эми 1984-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун №5930-хп. 82 токтому менен Чаткал району Ош облусунун карамагына кошулган. 1990-жылдын 14-декабрындагы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин токтому менен Чаткал району Ош облусунун карамагынан чыгарылып, Жалал-Абад облусунун карамагына кошулган.

Маалымат каражаттары түзөтүү

Чаткал.kg - райондук мамлекеттик администрациянын расмий маалымат сайты. 2014-жылы журналист М. Эшназаровдун демилгеси жана райондун, Каныш-Кыя айыл аймагынын жетекчилигинин колдоосу менен түзүлгөн. Райондогу, айыл аймактардагы коомдук-саясий, экономикалык, маданий ж.б.маалыматтарды ыкчам чагылдырып келет. Башкы редактору Кыргызстан Журналисттер бирлигинин мүчөсү - М.Эшназаров.

Административдик-аймактык түзүлүшү түзөтүү

Райондо 4 айыл аймагы жана алардын курамына кирген 22 айыл бар[4]:

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6

  1. Численность населения областей, районов, городов, поселков городского типа, айылных аймаков и айылов (сел) Кыргызской Республики (по данным айыл окмоту на начало 2023 г.)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  2. Перепись населения Киргизии 2009. Джалал-Абадская область
  3. Enrin.grida.no. Текшерилген күнү 19 -июнь (кулжа) 2008. Түп булактан архивделген күнү 2 -август (баш оона) 2009.
  4. Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору, 29.04.2023