Чаткал өрөөнү - Түштүк-Батыш Теңир-Тоодо, Чаткал жана Пскем кырка тоолорунун аралыгында 900–2500 м. бийиктикте жайгашкан. Узундугу 200 км, туурасы 20 километрдей. Чаткал өрөөнүн төр жагы кууш. Чаткал суусун бойлото кеткен ичке тилкелер акырындап кууш капчыгайга, анан кенен төрлөргө өтөт. Чаткал, Чандалаш суулары кошулган жеринде Чаткал өрөөнү түштүк-батышты көздөйкеңейип жазы түздүккө айланат. Бул түздүктөр айрыкча Чаткал суусунун оңөйүзүндө бир кылка болуп созулат. Алардын чет-жакалары акырындап тоо таянган байыркы конус шилендилерине жана тоо капталдарына өтөт. Өрөөндө шагыл, кум, чопо менен төшөлгөн 4 тектир бар. Алардын үстүнкү беттери майда суулардын өзөндөрү менен тилмеленген. Чаткал өрөөнүн сол жээгиндеги жантайыңкы түздүктөр байыркы конус шилендилеринен, делювий, пролювий жана элювий чөкмөлөрүнөн түзүлгөн. Тоо таянган чет-жакаларында неогендин кызыл түстүү чөкмөлөрү жердин үстүнө чыгат. Кумбел тоосунун түндүк-чыгыш четинен кесип өткөн жерде кууш капчыгайга айланып, интрузия тоо тектери жатат. Төмөнүрөөк өрөөн 10 кмге кеңейип (Ак-таштан ылдый) кайра капчыгай болуп кетет. Чаткал өрөөнү структурасы боюнча синклиналдык бүктөлүү; ийилүүгө палеозой фундаменти жана анын үстүндөгү кайнозой тектери да дуушарланган. Климаты мелүүн континенттик, жайы салкын, кышы суук. Жылдык орточо температурасы өрөөндүн таманында 2,1°С, январдыкы –10,5°С, июлдуку 16,7°С. Жылдык жаан-чачыны төмөн жагында 350–450 мм, башында 700 мм. Агын суулары — Чаткал жана анын куймалары. 2500 м бийиктикке чейин шыбак-трага-кант-төө тапандуу шыбак кылкандуу кургак талаа, 2000–3000 мде шыбактуу кылканактуу талаа, бадал аралаш шалбаалуу талаа, сейрек арча токою, 3000–3500 мде кылкандуу (негизинен бетегелүү), түркүн чөптүү, өлөң-шалбаалуу талаа, субальп шалбаасы, аска-зоока, шагыл таш, кармөңгү жатат. 3000 м бийиктикке чейин аюучач, шашыр кеңири таралган. Өрөөндүн жогорку бөлүгүндө (Каратокодо) карагай токоюнун массиви бар. Чаткал өрөөнү респ-кадагы маанилүү тоют базасы катары белгилүү. Мында Ош облусунун, Талас районунун жана Өзбекстандын малы жайылат. Өрөөндө Жаңыбазар, Тегирменсай, Канышкыя, Айгыржал кыштагы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү