Чаңдашуу - өсүмдөктөрдө - чаңдыктагы чаңчанын энеликтин чаң алгычына (жабык уруктууларда) же түз эле урук бүчүргө (жылаңач уруктууларда) келип түшүшү.

Чаңдашуу.

Чаңдашуудан кийин аталык жыныс клеткалар - спермийлер энелик клетканы уруктандырат. Уруктанган энелик клеткадан түйүлдүк өөрчүйт. Жабык уруктуулардын Чаңдашуусу эки түрдүү (кайчылаш Чаңдашуу жана өзүн өзү чаңдаштыруу) болот. Бир гүлдүн чаңчасы ошол эле өсүмдүктөгү экинчи гүлдүн же башка өсүмдүктүн гүлүнүн энелигинин чаң алгычына келип түшсө, кайчылаш Чаңдашуу, ал эми гүлдүн аталыгынын чаңчасы ушул эле гүлдүн энелигинин чан алгычына келип түшүшү өзүн-өзү чаңдаштыруу деп аталат. Өзүн-өзү чандаштыруудан пайда болгон муунга эненин гана тукум куугуч белгилери берилет, ал эми кайчылаш Чаңдашууда муунга ата жана энеден келген тукум куугуч белгилери өтөт. Өзүн-өзү чаңдаштыруучу өсүмдүктөрдүн гүлдөрү эки жыныстуу жана аталыктары менен энеликтери бир мезгилде жетилип, чаңчалар чаң алгычка оной түшөт. Кайчы Чаңдашуу шамал (анемофилия), чымын-чиркей (энтомофилия), канаттуулар (орнитофилия), суу (гидрофилия) аркылуу ишке ашат. Шамал аркылуу көбүнчө дарак, бадал жана дан өсүмдүктөрү чаңдашат. Гүлдүү өсүмдүктөрдүн көпчүлүгү чымын-чиркей аркылуу чаңдашат. Чымын-чиркей кызыл тазыл, жыттуу гүлдөргө нектар жана чаңчалар үчүн учуп конуп жүрүп, чаңчаларды денесине жабыштырып таратат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4