Челябинск - Россиядагы шаар (1787-жылдан). Челябинск облусунун адм. борбору.

Түштүк Уралдын чыгыш капталында, Миасс д-нын боюнда. Калкы 1,2 млн (2013). Ири жол тоому жана т. ж. түйүнү. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен курулууда. Ири өнөр жай борбору. Кара жана түстүү металлургия (металлургия, куур прокат, цинк өндүрүү заводдору, электр металлургия комбинаты), машина куруу жана металл иштетүү (заводдору: «Полёт», «Прибор», «Станкомат», «Теплоприбор»), курулуш материалдары, тамакаш, жеңил, жыгаччылык. өнөр жай ишканалары иштейт.

ГРЭС, ЖОЖдор (а. и. университет), театрлар (а. и. опера жана балет), музейлер (а. и. край таануу), сүрөт галереясы, тарыхый-маданий эстеликтер бар. Чеп катары 1736-ж. негизделген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4