Чендердин метрдик системасы

Чендердин метрдик системасы – негизине эки бирдик камтылат: узундуктун бирдиги метр, массаныкы килограмм.

Чендердин метрдик системасы 18-кылымда Францияда иштелип чыккан. Белгилүү фр. окумуштууларынан түзүлгөн комиссиянын сунушу боюнча Париж географиялык меридианынын 1/4 узундугунун он миллиондон бир бөлүгү метр деп, ал эми 4°С температурадагы 1дм3 дистиллирленген суунун массасы килограмм деп кабыл алынган. Чендердин метрдик системасы башка бирдиктери (аянттыкы – метр квадрат, көлөмдүкү метр куб ж.б.) система улуттук мүнөзгө ээ болбой, башка мамлекеттер да колдонгондой болуп тандалып алынган. Чендердин метрдик системасынын өзгөчөлүгү болуп ондук катыштагы эселүү жана үлүштүк бирдиктерди түзүүгө боло тургандыгы. 1875-ж. Чендердин метрдик системасын 17 мамлекет кабыл алган. Чендердин метрдик системасынын негизинде физ-нын айрым бөлүмдөрүн же техника тармактарын камтыган, бир катар айрым бирдиктер системасы жана системадан тышкаркы бирдиктер пайда болгон. Илим жана техниканын өнүгүшү, о. эле эл аралык байланыштардын күчөшүнүн натыйжасында, 20-кылымдын орто ченинде, Чендердин метрдик системасынын негизинде, өлчөөнүн бардык аймактарын камтыган, Эл аралык бирдиктер системасы (СИ) түзүлүп, ал көпчүлүк мамлекеттер тарабынан кабыл алынган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү