Четин (лат. Sorbus, L. 1753) – өсүмдүктөрдүн роза гүлдүүлөр тукумундагы күбүлмө жалбырактуу дарак же бадал уруусу. Бийикт. 10-25 м, жалбырагы кезектешип жайгашат. Гүлү ак, кош жыныстуу; калкан сымал топ гүлдүү; чымын-чиркей аркылуу чаңдашат. Мөмөсү тоголок, 2-5 уялуу. Мөмөсүндө сорбит, каратиноид, 69 мг % С витамини, 4-13,7 % кант, орг. к-та болот. Ч-дин дүйнөдө 100, КМШда 40, Кыргызстанда 3 түрү бар. Негизинен Кавказ менен Борбордук Азиянын тоолуу жерлеринде өсөт. Россиянын Европа бөлүгүндө, Кавказда кадимки Ч-и, Түндүк Чыгыш Сибирде сибирь Ч-и, Кыргызстандын тоолорунда Тянь-шань Ч-и, Сары-Челек, Арстанбап мөмө-жемиш токойлорунда алма Ч-и өсөт.

Sorbus aucuparia.

Колдонулган адабияттар түзөтүү