Чжу Си (1130-1200) — Кытай философу, Сун доорундагы неоконфуций окуусунун көрүнүктүү өкүлү.

Чжунун эмгектеринде Конфуций окуусунун идеялары системага келтирилген. Чжунун окуусуна ылайык идеалдуу башталыш - ли - биринчи, ал эми материалдуу башталыш - ци - экинчи деп эсептелет. Ли форма жана сапатка ээ эмес, ошондуктан аны сезе билүү мүмкүн эмес.

Ин жана Яндын дайыма алмашып туруу процессинин натьтйжасында дүйнөнүн беш материалдык алгачкы элементтери пайда болот: суу, от, дарак, темир, жер. Чжу Конфуций окуусунун этикалык-саясий багытын чечкиндүү колдогон. Адамдын «төрөлгөндүгү табиятын» идеалдуу башталыш - лиден деп билген. «Коомдук турмуштун негизин конфуцийдин этикалык-саясий көрсөтмөлөрүн так аткаруу түзөт» - деп түшүндүргөн. Кийинки мезгилдерде Чжу окуусу элге билим берүү системасынын негизин түзгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8