Чоң Тоскоол рифи (Great Barrier Reef) - Коралл (Шуру) денизиндеги шуру (коралл) аралдарынан жана рифтеринен турган жалчалар; Австралиянын түндүк-чыгыш жээгин бойлой 2300 кмге созулуп жатат.

Чоң Тоскоол рифи.

Туурасы түндүк бөлүгүндө 2 км, түштүгүндө 152 кмте чейин жетет. Жалпы аянты 344,4 миң км2ге жакын. Рифтин көп бөлүгү суу астында жатып, суу тартылганда гана ачылат. Чоң Тоскоол рифи материктен кеме жүрүүгө ыңгайлуу канал (тереңциги 50 м) аркылуу бөлүнөт. Рифте океан менен туташтыруучу 20 өткөөл бар. Басымдуу бөлүгүн камтыган Деңиздик улуттук парк уюштурулуп, корукка алынган. Ал 1981-ж. Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4