Чоң мендерес (Biiyiik Menderes) - Түркиянын түштүк-батышындагы дарыя.

Чоң мендерес

Уз. 380 км, алабынын аянты 23,9 миң км2. Анатолия бөксө тоосунан башталып, Эгей деңизине куярда дельтаны пайда кылат. Орточо чыгымы 90 ж3/секдай, кышында суусу мол болот. Сугатка пайдаланылат. Төмөнкү агымында ийри-муйру агып, меандрды пайда кылат. Дарыялардын ийри-муйру аккан бөлүгү меандр деп ушул дарыянын атынан аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4