"Чоң олжо"(англ. Snatch, орус. Большой куш) - 2000-жылы Гай Ричи тарабынан жазылган жана тартылган Британиянын кылмыш комедиясы. Тасма Лондондогу кылмыш дүйнөсүндө чаташкан эки жердеги окуяны камтыйт: бири уурдалган бриллиантты издөө менен алектенсе, экинчиси кол алдындагыларга мыкаачылык менен мамиле кылган бандиттин (Алан Форд) кол алдында болуп иштеп калган бокс промоутери (Жейсон Стейтем) жөнүндөгү окуяны сүрөттөйт.

Чоң олжо
Режиссеру Гай Ричи
Продюсер Мэттү Вон
Жазуучу Гай Ричи
Оператору Тим Морис Жонс
Тартылгандар
Музыкасы Жон Мерфи
Редактору Жон Харрис
Студия SKA Films
Жайылтуучу
Чыккан жылы
  • 23 август 2000 (2000-08-23) (Улуу Британия)
  • 19 январь 2001 (2001-01-19) (АКШ)
Узактыгы 102 мүн.[1]
Өлкөсү
Тили Англис
Бюджети $10 млн[3]
Киреше $83.6 млн[4]

Тасма ирландиялык саякаттоочу "пики" деген лакап атка конгон Мики О Нейл (Брэд Питт), "Устара" атка конгон курал-жарак сатуучу Юринов (Раде Сербеджия), "Төрт бармак" лакап аттуу кумарпоз жана ууру Фрэнки (Бенисио дел Торо), "Тууган Ави" лакап аттуу зергер гангстер Авраам Деновиц (Деннис Фарина) жана качкандарды издеп табуучу ок тиштүү Тони (Винни Жонс) сыяктуу ар кандай каармандарды камтыйт. Тасма кинетикалык багыты жана оңдоп түзөө стили, эки жерде болуп жаткан окуянын ыкчам алмашып турушу жана ылдамдыгы менен да өзгөчөлөнүп турат. Ошондой эле ал кинетикалык багыты жана режиссердук стили, эки чиеленишкен сценарийдин күтүлбөгөн кызык бурулуштары, ошондой эле окуяладын ылдам темпи менен айырмаланат.

Бул тасма Ричинин "Карта, акча жана эки мылтык" тасмасынын түз уландысы болбосо да тематикаcы, идеясы, негизги ою жагынан бул тасмага окшошуп кетет. Бул тасма окшош визуалдык стилде жана мурунку тасмада ойногон Жонс, Стэтам жана Форд сыяктуу актердун катышуусунда тартылган.

Сюжет түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. Snatch (18). British Board of Film Classification (17 August 2000). Текшерилген күнү 15 -октябрь (тогуздун айы) 2016.
  2. Snatch (2000). British Film Institute. Текшерилген күнү 2 -июнь (кулжа) 2014. Түп булактан архивделген күнү 5 -июнь (кулжа) 2014.
  3. Snatch (2000). The Numbers. Nash Information Services, LLC. Текшерилген күнү 7 -январь (үчтүн айы) 2017.
  4. Snatch (2000). Box Office Mojo. IMDb. Текшерилген күнү 28 -март (жалган куран) 2010.