Чукчалар (өздөрүн лыгъоравэтльат, луораветлат деп аташат) - РФтеги аз сандуу эл, Чукотка АОнун жергиликтүү калкы.

Ошондой эле Камчатка крайында (1 469), Саха Республикасында (670), Магадан областында (285) да жашашат. Жалпы саны 15 908 киши, а. и. Чукотка АОдо 12 772 (2010). Чукча жана орус тилинде сүйлөшөт. Дини - православие жана шаманчылык. Ч-дын этностук негизин коряктар, керектер, алюторлуктар, ительмендер жана эскимостор түзөт. Ч. ж-де орус тарыхый маалыматтарында 17-кылымдын 40-жылдарында алгачкы жолу эскерилет. Алар тундралык (көчмөн бугучу) Чукчалар жана жээктик (деңиз аңчысы) Ч. болуп бөлүнүшөт. Чукчалардын салттуу анчылык куралы - гарпун, найза, кайыш тор, 19к-дын 2-жарымынан атма куралдар колдонулат. Азыркы мезгилде Чукчалардын негизги кесиби - бугу чарбачылык, жапайы айбандарды асырап өстүрүүчүлүк. Турак-жайы - морж жана бугу терисинен цилиндр үлгүсүндө жасалган, ажыратылма чатыр-яранга, алачык. Салттуу кийимдери негизинен нерпа жана бугу терисинен тигилет. Эркектери тизеге чейин тигилген, катталган узун көйнөк-кухлянка, тар ыштан, кыска мех бут кийим кийип, белине кур курчанат. Аялдары мех комбинезон (керкер), кышкысын катталган, жайкысын жалаңкат, мех бут кийим кийип, кооздуктарды тагынышат. Чукчалардын негизги тамак-ашы - эт (бугу, тюлень, кит), өсүмдүк тамыры жана жалбырактары, деңиз капустасы, ат кулак, моллюскалар жана жер-жемиштер. Тунгус жана юкагирлерден айырмаланып, Чукчалар балык жешпейт. Суусундук катары чай тибиндеги чөп кайнатмасы колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4