Чукча деңизи - Түндүк Муз океанындагы четки деңиз. Азия менен Түндүк Американын (Алясканын жээктерин чулгайт) түндүк-чыгыш жээгинде Беринг кысыгы аркылуу Тынч океан, Лонга кысыгы аркылуу Чыгыш Сибирь деңизи менен туташат. Аянты 595 миң км2. Эн терең жери 1256 м. Жээги негизинен тоолуу, лагуна менен саян жерлери көп. Ири аралы - Врангель. Булуңдары ; Колючи колтугу, Коцебу.

Жайында суу бетинин тем-расы 4-12°С, кышында -1,6°С дан -1,8°С га чейин. Жылдын көп мезгилинде муз каптап жатат. Туздуулугу 24-32%о. Суткасына эки жолу ташкындайт (бийиктиги 0,1-0,2 м). Балык (голец, уюл трескасы), суужолборс (морж), түлөн, нерпа кармалат. Уэлен порту (Чукча жарым аралында) жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4