Чыгыш Азия - Азиядагы табигый аймактардын тобу.

Мелүүн, субтропик жана тропик алкактарында Тынч океанды жээктей 60° түндүк кеңдиктен түштүктү карай жатат. Рельефинде тоолор (Сихотэ-Алинь, Манчжур-Корей, Түштүк Кытай ж. б.) басымдуу. Вулканизм мүнездүү (Камчаткада жана тоо-арал доголорунда ), катуу жер титирөөлөр болуп турат. Климаты муссондук, тайфун болот. Түндүгүндө аралаш жана жазы жалбырактуу, түштүгүндө субтропиктик токой басымдуу. Түздүктөрү айдалып, эл жыш отурукташкан. Чыгыш Азияда Россия менен Кытайдын чыгыш бөлүктөрү, Япония, КЭДР жана Түштүк Корея жайгашкан: кээде Филиппинди да кошот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4