Чыгыш Африка - Африканын экватор жана субэкватор кеңдиктериндеги чыгыш бөлүгүн ээлеген табигый аймактар.

Түндүгүнөн Эфиопия тайпак тоосу, батышынан Конго ойдуңу, түштүгүнөн Замбези д-нын төм. агымы, чыгышынан Инди океаны менен чектешет. Чыгыш Африкада толук же бир бөлүгү жайгашкан өлкөлөр: Кения, Уганда, Руанда, Бурунди, Танзания, Замбия, Малави, Мозамбик. Бүт аймагын Чыгыш Африка бөксө тоолору ээлейт (бийиктиги 1000 лгден ашык). Анда тектоникалык жаракалар (к. ЧыгышАфрика жаракалар зонасы) көп. Рельефине цоколь түздүктөрү, төмөн жылышуудан пайда болгон ойдундар, тектирлер, келки тоолор, лава платосу, жанар тоо конустары (а. и. Африканын бийик чокусу - Килиманжаро, 5895 м) мүнөздүү. Климаты экватордук муссондук, ысык, сезондуу, нымдуу, жылына 500дөн 3000 ммге чейин жаан-чачын жаайт. Чыгыш Африка дүйнөдө көлдөрү эң көп (Виктория, Таньганика, Ньяса ж. б.) аймак. Саваннанын жана сейрек токойдун түрдүү типтери басымдуу: тоолоруна бийиктик алкактуулук мүнөздуү. Жаныбарлар дүйнөсүнө (өзгөчө ири сүт эмүүчүлөргө ) бай. Ири ул. парктары - Вирунга (Руанда менен Заирдин чек арасында) жана Серенгети (Танзанияда).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4