Чыгыш Чоң Чүй каналы - Кыргызстандагы эң ири ирригация каналы.

1940-ж. курула баштаган, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде иши убактылуу токтогон. 1946-ж. кайрадан курула баштап, 1958-ж. курулуп бүтүп, бардык тармагы пайдаланууга берилген. Канал Чүй д-нан (Чым-Коргон айылынын түндүк-чыгыш жагынан) башталып, Батыш Чоң Чүй каналына жарыш Аламүдүн районуна чейин жетет. Уз. 100 км, суу өткөрүмдүүлүгү 350 м3/сек. 1976-ж. каналдагы суу түйүнү телемеханикалаштырылган. Канал Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Кант жана Аламүдүн райондорунун 35 миң га жерин жана Бишкек шаарын суу менен камсыз кылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4