Чыгыш таануу, ориенталистика (лат. orientalis - чыгыш) - Чыгыштын (Азия жана Түндүк Африка өлкөлөрүнүн) тарыхын, экономикасын, тилин, адабиятын, этнографиясын, искусствосун, динин, философиясын, материалдык жана рухий маданият эстеликтерин изилдөөчү илим.

Европада пайда болгон. Чыгыш таануунун египет таануу, ассирия таануу, семитология, араб таануу, иран таануу, түркология, синология, монгол таануу, индология, япон таануу деген региондук тармактары бар. Илимдин өнүгүшүнө байланыштуу региондук жаңы тармактар (шумерология, урартология, кумранистика, малаистика ж.б.) калыптанган. Ошону менен бирге азыркы чыгыш таануу үчүн анын айрым тармактарын дифференциациялоо жана ажыратуу тенденциясы мүнөздүү. Чыгыш таануудан африка таануу өз алдынча илим болуп бөлүнүп чыккан. Бирок чыгыш таануу комплекстүү илим катары өнүгүүдө Чыгьпл өлкелөрүн жана алардын тарыхын үйрөнүү Чыгыш элдеринде байыркы мезгилдерде эле башталып, орто кылымдарда улантылган. Ал мезгилдеги авторлордун көбүнчө тарыхый хроникалар жана географиялык баяндоолор мүнөзүндөгү эмгектери чыгыш таануу үчүн маанилүү дарек болуп саналат.

Чыгыштын Абу Райхан Бируни, Ибн 'Сина, Махмуд Кашгари, Абу-Наср аль-Фараби. Рашид адДин ж. б. илимпоздору баалуу эмгектер калтырышкан. Европадагы чыгыш таануу илиминин булактары европадагы элдердин Азия, Түндүк Африка элдери менен саясий, соода байланыштары түзүлгөн мезгилдерден (байыркы жана орто кылымдан) башталат. Чыгыш таануудагы алгачкы маалыматтар байыркы грек авторлоруна таандык. Чыгыш өлкөлөрү жөнүндө маалыматтар орто кылымдагы Сирия, Византия жана байыркы армян, байыркы грузин адабияттарында да кездешет. 12-кылымдан тартып Алдыңкы Азияны, Ыраакы Чыгышты кыдырган европалык саякатчылардын, кечилдердин, соодагерлердин, элчилердин байкоо жазмалары пайда боло баштаган. Чыгыш таануунун өзүнчө тармак катары пайда болушу капиталдын алгачкы топтолуу дооруна жана Чыгыш өлкөлөрүнө европалык экспансиянын башталышына байланыштуу.

Ошондой эле эл аралык байланыштардын жалпы кеңейиши да чыгыш таануунун өнүгүүсүн шарттаган. 15-16-кылымдарда көбүнчө Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү жөнүндө чыгармалар жазылган. 16-кылымда Париж, 17-кылымда Оксфорд университеттеринде байыркы еврей, араб тилдери окутула баштаган. Чыгыш таануунун ошондон соңку учурга чейин өнүгүшү негизги 3 этапты башынан өткөргөн. 1-этап (17-кылым - 18-кылымдын 1-жарымы) Чыгышты илимий изилдөө үчүн зарыл болгон өбөлгөлөрдү түзүү менен мүнөздөлөт.

Чыгыш тилдерин (фарс, түрк, кытай тилдерин кошкондо) үйрөнүү күчөп, айрым сөздүктөр басылган. 2-этапта (18-кылымдын 2-жарымы - 19-кылымдын 1-жарымы) чыгыш таануунун илимий негиздери калыптанган.

Чыгыш философиясы өнүгүп, салыштырма тил илими пайда болгон. Чыгыштын тарыхы жана маданияты боюна маанилүү изилдөөлөр жазылган. 19-кылымдагы чыгыш таануунун көрүнүктүү өкүлү Н. Я. Бичурин болгон. Ири илимпоздордун изилдөөлөрүндө филологиялык метод көбүнчө тарыхый-идеалисттик позициядагы теориялык кеңири жалпылоолор менен айкалышкан.

Дүйнөнүн чыгыш таанууда негизинен гуманисттик жана колониялык эки тенденция байкалат. 3-этапта (19-кылымдын 2-жарымы - 20-кылымдын башы) изилдөө объектен кеңейип, мурдагы тенденциялар күчөгөн. Чыгыш кол жазмалары менен китептеринин каталогдору түзүлүп, чыгыш тилдеринин сөздүктөрү, филологиялык мүнөздөгү ар түркүн тексттердин сериялары кеңири басылган. 1873-жылдан ар бир 3-4 жылда ориенталисттердин эл аралык конгресстери чакырылып турат.

Орус окумуштуулары кытай, инди, түрк, монгол, иран, кавказ ж. б. тилдердин көпчүлүгүн изилдеген. Түркологияда И. Н. Березин, A. К. Казембек ж.б. баалуу эмгектер жазышкан. Академик В. В. Радлов алгачкы ирет орхон-енисей жазууларын толук которуп, илимий комментарий берген. П. П. Семёнов-Тян-Шанский, Г. Н. Потанин, Н. М. Пржевальский ж. б. Орто Азия, Сибирь, Монголия жана Кытайдын көптөгөн документтерин, рухий жана материалдык маданиятынын эстеликтерин ачып, илимге чоң үлүш кошкон. 19-кылымдын ортосунда К. Маркс менен Ф. Энгельс тарыхты материалистик түшүнүүнү иш теп чыгышкандан кийин чыгыш таануу алгачкы ирет ырааттуу илимий методология негизге ээ болду. 1921-жылы Лениндин көрсөтмөсү менен чыгыш таануу боюнча жогорку окуу жайлары уюштурулуп, илимий мекемелер түзүлө баштаган.

Чыгыш таануу боюнча эң баалуу эмгектерди СССР ИАнын академиктери В. В. Бартольд, Б А. Тураев, В. В. Струве ж. б. жазышкан. 1930-жылы СССР ИАнын чыгыш таануу институту уюштурулган. Союздук республикалардын ИАларынын түзүлүшүнө байланыштуу Чыгыш проблемаларын изилдөө боюнча жаңы борборлор пайда болгон. Советтик Чыгышта өз элинин тарыхын, материалдык жана рухий маданиятын изилдеген улуттук илимпоздор өсүп чыкты. Кыргызстанда чыгыш таануу боюнча илимий изилдөө иштерин КР УИАнын Тарых институтун Кыргызстандын байыркы жана орто кылымдагы тарыхы сектору, археология сектору, Тил жана адабият институтунун түркология сектору, ошондой эле чыгыш таануу бөлүмү жүргүзүүдө. 70-жылдардын башында чет өлкөлөрдө 100дөн ашуун илимий изилдөө борборлор жана ассоциациялар (жогорку окуу жайларынын чыгыш факультеттерин кошкондо) болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9