"Чыныгы сүйүү" (англ. Love Actually, орус. Реальная любовь) - 2003-жылы Ричард Куртис режиссёрлук кылган жана сценарийин жазган Жаңы-Жылдык романтикалуу комедия. Тасмага негизинен Куртистин мурунку тасмаларында тартылган же телеберүү долбоорлорунда катышкан актёр жана актрисалар ролдорду жаратышкан. Тасманын сценарийи ар түрдүү адамдардын катышуусунун негизинде сүйүүнүн ар тараптуулугунун он окуя аркылуу чагылдырат. Жана окуянын өнүгүшү менен каармандар бирин-бири тааныгандыгы анык болот. Тасманын көпчүлүк бөлүгү Лондон шаарында тартылган. Окуя жаңы жылга үч жума калган убакыттан башталып, майрамга чейинки убакытты баяндайт. Ошондай эле жаңы жылдан бир ай өткөндөн кийинки эпилогду камтыйт.

Тасма 2003-жылы, 14-ноябрда Америка Кошмо Штаттарында жана бир жумадан кийин Улуу Британияда көрсөтүүгө берилип, Улуу Британияда жакшы сын-пикирлерге арзыган. Бирок Кошмо Штаттарда ар тараптуу сынга ээ болгон. Тасма баштапкы бюджети 45 миллион АКШ долларын түзүп, дүйнө жүзү боюнча 247 миллион АКШ долларын табуу менен кирешелүү тасмалардын катарын толуктаган.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү