Чырмоок (Convolvulus) - өсүмдүктөрдүн чырмооктор тукумунун уруусу.

Чөп же бадал. Мелүүн алкакта 250гө жакын, КМШ өлкөлөрүндө 30 (Кыргызстанда 8) түрү белгилүү. Айдоолордо талаа Ч. (С. arvensis) көп кездешет. Ал өтө зыяндуу отоо чөп. Сабагынын уз. 20 слвден 200 смге жетет, башка өсүмдүккө оролуп же жерге төшөлүп өсөт, гүлү мала кызыл, бир аз жыттуу, тамыры жерге 3 жче терең кирет. Отолгондон кийин тамырынан кайра өсөт. Бир өсүмдүктө 400дөн 1000ге чейин урук болуп, эгин жыйноодо данга аралашат. Чөбү башка тоют чөптөр менен аралашса зыянсыз, жалан өзү мал үчүн уулуу. Кыргызстандын бардык жеринде кездешет. Адырларда өскөн айрым түрлөрү малга жакшы тоют. Каршы күрөшүү чаралары: Ч-тун тамырын культиватор, жумшарткыч менен кыркып, айдоо жерди отоп туруу, эгинди сепкенден кийин гербицид чачуу, агротехниканы туура колдонуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4