Шамозит - катмарлуу силикаттар класечасынын хлориттер тобундагы минерал, (Fe2+, Mg2+, Al3+, Fe3+)6(Si,Al)4O10(OH,O)8.

Шамозит жана Кварц.

Курамынын 34,343,3%ин FeO, 22,8-29%ин Sİ02, 13-20,1%ин А1203, 10-13% ин Н20 жана 0-6% ин Fe203 түзөт. Кристаллы майда тоголок, оолит түрүндө. Өңү жашыл (абага чыкканда көрүү түскө өтүп кетет), күңүрт боз түстү. Айнектей жылтырайт, айрымдары жылтырабайт. Катуулугу 3, тыгыздыгы 3-3,4 г/сж\ морт, тунук эмес. Туз к-тасында оңой ажырайт. Гиперген, хемоген-чөкмө, гидротерм, метасоматтык жолдор менен пайда болуп, чополуу катмарларда жана оолиттүү чөкмө темир кенташтарында кездешет. Темирдин кенташы. РФте, Францияда, Улуу Британияда ж. б. өлкөлөрдө ири кендери бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4