ШамшыЧүй районундагы суу, Чүй дарыясынын сол куймасы. Узундугу 58 км, алабынын аянты 475 км2.

Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы мөңгүлөрдөн башталат. Жогорку агымы кууш капчыгай аркылуу өтүп, Чүй өрөөнүнө келгенде нугу кеңейет. Эң ири куймасы – Туюк (уз. 24 км, алабынын аянты 177 км2). Алабында жалпы аянты 31,0 км2 болгон 23 мөңгү бар. Кар, мөңгү жана булак сууларынан куралат. Суу май айында кире баштап, сентябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы ортоңку агымында 5,08 м3/сек. Байкалган эң көп чыгымы 48,1 м3/сек (август), эң азы 0,82 м3/сек (февраль). Сугатка пайдаланылат. Азыркы кезде Чыгыш Чоң Чүй каналына бириктирилген.

Боюнда Калиновка, Кызыласкер, Шамшы кыштагы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү