Шахта — кен байлыкты жер астынан казып алуучу жана аны керектөөчүлөргө же кен ылгоочу фабрикага жөнөтүүчү тоо-кен ишканасы. Адатта, жер астынан таш көмүр же күйүүчү сланец казуучу ишканалар — шахта, ал эми кен таш казуучу ишканаларрудник деп аталат.

Шахта түшүнүгүнө жер үстүндөгү имараттар (копер, эстакада, көтөрүү машиналарынын имараттары, желдеткич, колорифердик орнотмо, майдалапылгоочу фабрика, кампалар) жана тоо-кен казмалары (шахта стволу, квершлаг, штольня, штрек ж.б.) кирет.

Шахтаны мүнөздөөчү эн негизги факторлор — анын кубаттуулугу жана иштөө мөөнөтү. Шахтанын кубаттуулугу анын тоо-кен техникалык мүмкүнчүлүктөрү менен аныкталат. Иштөө мөөнөтү тоо-кен геологиялык шартына жана кендин запасына байланыштуу. Ири шахталар 50-70 жыл иштейт. Эң байыркы шахта Нгвеня рудниги (Свазиленд). Алтын жана алмаз казылуучу айрым шахталардын тереңдиги 4 кмге жетет. Мындай тереңдикте температура 60 °С жетип, жарылуу жана суунун жырып кирүү коркунучу бар шартта шахтёрлор эмгектенишет. Түздүктөрдө кендин үстүн ачуу тик, кээде жантык шахта стволдору, алардан кенди көздөй ар кабатта квершлагдар аркылуу жүргүзүлөт. Тоолуу аймактарда кенди ачуучу негизги тоо-кен казмасы штольня деп аталат;

2) жер астындагы, көбүнчө тик, кээде жантайынкы тоо-кен казылмасы, к. шахтпа стволу.

Булактар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4