"Шиндлердин тизмеси" (англ. Schindler's List, орус. Список Шиндлера)- 1993-жылы Стивен Спилберг тарткан, сценарийин Стивен Заиллиан жазган америкалык тарыхый эпикалык драма. Тасма австалиялык жазуучу Томас Кенеаллинин "Шиндлер кемеси"(англ. Shindler's Ark романына негизделген. Тасма миңдеген поляк-жөөт качкындарды фабрикасында жумуш берүү менен Холокосттон сактап калган Оскар Шиндлер аттуу этникалык немис бизнесмендин жашоосу жөнүндө баяндайт. Тасмага тартылгандар: Лиам Нисон (Шиндлер), Рейф Файнс (Амон), Бен Киңсли (Штөрн).

Шиндлердин тизмеси
Режиссеру Стивен Спилберг
Продюсер Стивен Спилберг
Жералд Р. Молен
Бранко Лүстиг
Сценарийи Стивен Заиллян
Оператору Януш Каминский
Негизинде Шиндлер кемеси
Томас Кенилли
Тартылгандар Лиам Нисон
Бэн Киңсли
Рэйф Файнс
Каролин Гудэлл
Жонатан Сагалл
Эмбед Дэвидц
Музыкасы Жон Уилиямс
Редактору Майкл Кан
Жайылтуучу Universal Pictures
Чыккан жылы
  • ноябрь 30, 1993 (1993-11-30) (Washington, D.C.)
  • декабрь 15, 1993 (1993-12-15) (АКШ)
Узактыгы 197 мүн.[1]
Өлкөсү  АКШ
Тили Англис
Бюджети $22 млн.[2]
Киреше $321.2 млн.[3]

Шиндлердин жөөттөрү жөнүндө тасма тартуу идеясы 1963-жылы эле сунушталган. Шиндлер жөөттөрүнүн бири Полдек Пфефферберк Шиндлер тууралуу окуяны айтып жүрүүнү жашоо миссиясы кылып алган.

"Шиндлердин тизмеси" бетачары 1993-жылы 30-ноябрда Вашингтондо өткөн жана АКШда 1993-жылы 15-декабрда жарыкка чыккан. Тасма дээрлик дайыма эң мыкты тасмалардын тизмесинен түшкөн эмес. Тасма "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты режиссер", "Эң мыкты сценарий", жана "Эң мыкты музыка" сыяктуу 7 Оскар сыйлыгын (12 наамдын ичинен) утуп алган жана мындан сырткары да (7 "BAFTA", 3 "Алтын Глобус" сыйлыгы) көптөгөн сыйлык ээси болгон. 2007-жылы "AFI" бардык мезгилдеги эң мыкты 100 тасманын ичинен 8-орундагы тасма деп белгилеген. 2004-жылы АКШ Конгрессинин китепканасы тасманы Улуттук кино реестринде сактоо үчүн 2004-жылы аны тандап алган.

Сюжет түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. Freer, 2001, p. 220
  2. McBride, 1997, p. 416
  3. McBride, 1997, p. 435