Ширетүү — ыр сабынын акыркы тыбышынын же сөзүнүн кийинки сап башында кайталанышы. Ыр кубулушундагы мындай ык түрк тилдерине өзгөчө мүнөздүү. "Манас" эпосунда окуяны, окуя болгон жерди, же кайсы бир каарманды баса белгилөө, маанисин күчөтүүчү көптөгөн Ш-лөр бар: "Ашып-шашып Каныкей... Беш-Таштын башы Бек-Жайлоо, Бек-Жайлоо көздөй качты эли" (Курама вариант, 1. 279); "Опсуз күлүк Мааникер, Мааникер тулпар бар экен" (Саякбай Каралаев, 2. 27). Дээрлик бардык манасчыларда Ш. ыгы окуяга, каарманга угуучулардын ынтаасын бурдуруу, көңүлүн айтылып жаткан окуяларга, эпизодго топтоо үчүн колдонулуп, эпоско кошумча көркөмдүк берип турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4