Шифрлөө (Cryptooperation - Шифрование).

  • 1. Маалыматтарды коргоонун бир жолу болуп шифрлөө саналат. Окула турган шифрограм деп аталган текстти окууга мүмкүн болбогондой түргө өзгөртүү процесси шифрлөө деп аталат. Шифрлөө процессинде шифр ачкычы деп аталган код колдонулуп, жөнөкөй текст шифрограмга өзгөртүлөт. Шифрограмды алгачкы текстке алып келүү үчүн ошол эле ачкыч колдонулат. Маалыматтарды шифрлөөнүн коопсуздугун жогорулатуу максатында коомдук шифрлөө ачкычы деп аталган шифрлөөнүн дагы бир ачкычы пайдаланылат.
  • 2. Жөнөкөй текстти атайын шифрлөө ачкычына ээ болбой туруп окууга мүмкүн болбогон түргө өзгөртүүчү технология. Мындай технологиянын жардамы менен Интернет байланышынын коопсуздугу уюштурулат. Шифрлөө системи шифрлөөнүн бир же бир нече алгоритмдеринен, ачкычтарынан жана ачкычтарды башкаруу системаларынан турат. Кеңири таралган шифрлөө алгоритмдерине: (1) ачкыч менен текстти бириктирген алгоритмдер; (2) жабык жашыруун ачкычтарды пайдаланган классиктик, же симметриктүү; (3) бир ачык жана бир жабык ачкычты пайдаланган ачык ачкычтуу же асимметриктүү алгоритмдер.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы, У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак, Бишкек 2004. ISBN 9967-14-014-3