Шэньян, мукден - Кытайдын түндүк-чыгышындагы шаар.

Ляонин провинциясынын адм. борбору. Хуньхэ д-нын боюнда. Калкы 3,6 млн (2010; агломерациясы менен 6,6 млн). Жолдор тоому. Т. ж. бекети. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Өлкөнүн негизги өнөр жай, финансы борборлорунун бири. Машина куруу (автомобиль, самолёт ж. б.), түстүү металлургия, компьютердик программаларды иштеп чыгуу, химиялык, электроника, тоо-кен, тамак-аш ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. ЖОЖдор (а. и. университеттер), музейлер ж. б. бар. 2-кылымдан белгилүү. 1621-ж. манжурлар басып алып, Мукден аталган. 1625-44-ж. манжур мамлекетинин борбору болгон. Цин династиясы учурунда (1644-1911-ж.) Кытайдын 2-борбору катары саналган. Бутпкул дуйнөлүк мурас тизмесине кирген император ак сарайы (17-18-к.), Нурхаци (Дунлин) жана Абахай (Бэйлин) император күмбөздөру сакталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4