Щелочтор (алкали) — сууда жакшы ээрий турган негиздер. Алар суу эритмесинде гидроксид иондорунун жогорку концентрациясын пайда кылышат. Ж-ге элементтер мезгилдик системасы I жана II группа негизги группа металлдары, аммоний гидроксиди кирет.

Щелочтуу металлдар гидроксиддер мис., LiОН, NаОН жана КОН өтө күчтүү негиздер болушуп күчтүү Щелочтор деп аталышат.

Щелочтуу жер металлдары гидроксиддери Са(ОН)2, Sr(ОН)г, Ва(ОН)2 начарыраак негиздер. Ак, катуу, сууну өзүнө күчтүү тартып алуучу заттар.

Алкалинин суудагы эритмеси лакмусту көк түскө, фенолфталеинди кызгылт түскө өткөзөт.

Булардан башка аларга дагы көп химиялык заттар кирет, алып айтсак щелочтуу металлдар гидросульфиддери КНS, NаНS, карбонаты К2СО3, Nа2СО3 жана башка Щелочтор өнөр жайлардын көп тармактарында колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү