Ыктытуу — боор эттин рефлекстик жыйрылышы.

Анда капысынан күч менен дем тартканда үн чыгуучу жылчык бүтөлүп калып мүнөздүү дабыш чыгат. Ыктытуу дени соо кишиде эч себепсиз деле болушу мүмкүн. Кокусунан, бир аз убакытка созулган ЫЫктытуу алкоголь ичкенде, ашыкча жегенде жана башкалар болот. Терең дем алуу, бир нече ууртам суу ичүү аны азайтат же такыр токтотот. ЫЫктытуу тамак сиңирүү органдардын ооруларында, уремияда, кант диабетинде, нерв системасынын (мээ, жүлүн) ооруларында, боор этти же анын нервин шишик басып калганда, ошондой эле истерияда жана башкаларда болот. Көп ыктыткан кишилер врачка кайрылып, себебин таап дарылануу талап кылынат.


Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8