Ысык-Көл мамлекеттик коругу

Ысык-Көл мамлекеттик коругу — Кыргыз Республиканын аймагыны алгачкы уюштурулган коргоолуучу жер. 1948-жылы сууда сүзгөн жана суу жээктеринде байырланган канаттууларды жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо максатында түзүлгөн.

Петроглифтер

Коруктун аймагында сүт эмүүчүлөрдүн 24 түрү, канаттуулардын 232 түрү (аккуу, кызыл тумшук өрдөк, кашкалдак, боз каздар ж.б.), 300 дөн ашык өсүмдүктөрдүн түрлөрү корголот. Өзгөчө Ысык-Көл сууда сүзүүчү канттуулардын кышташындагы ролу өтө маанилүү. Окумуштуулардын маалыматтары боюнча Ысык-Көлдө 100миңге жакын сууда сүзүүчү канаттуулар кышташат, алардан башка жазында жана күзүндө жер которгон канаттууладын жолунда эс алуучу жана тоюнуучу жайы. Алардын негизгилери: өрдөктөр, чулдуктар, ак куулар,ак чардактар ж.б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Абдырай Осмонов "Геоэкологиянын негиздери", 2006-жыл.