Ыңгөң О

Түштүк Кореялык журналист жана түрколог

Ыңгөң О (кор. 오은경; орус. Ынгёнг О; англ. Eun-kyung Oh, төр. 1969, Сеул, Түштүк Корея) — Түштүк Кореялык белгилүү түрколог айым, түрк элдеринин дастандарын, анын ичинде өзбек дастандарын, аял укуктары көйгөйлөрүн изилдөөчү, журналист. Ал - профессор, илим доктору. Теги корей. Ушул тапта Сеулдагы Доңдук Аялдар университетинин (Dongduk Women's University) профессору, ЮНЕСКОнун Азия – Тынч мухит аймагы боюнча заттык эмес маданий мурастар борборунун кеңешчиси.

Ыңгөң О
кор. 오은경
Профессор Ыңгөң О (오은경; Ынгёнг О; Eun-kyung Oh), эл аралык илимий жыйында. Бээжин ш. 19.10.2015.
Ишмердүүлүк тармагы:

журналист, түрколог

Туулган датасы:

1969 жыл(1969)

Туулган жери:

Сеул, Түштүк Корея

Жарандыгы:

Корея Республикасы Түштүк Корея

Өмүр баяны түзөтүү

Ыңгөң О айым 1969-жылы Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында туулган.

1989-жылдын тогуздун айынан (октябрынан) 1992-жылдын баш оона (август) айына чейин Ханкук Чет өлкөлөрдү таануу университетинин котормочулар жамаатынын мүчөсү.

1991-жылдын аяк оона (сентябр) айынан 1992-жылдын аяк оона (сентябр) айына чейин – Түндүк-Батыш аба жолдорунун (Northwest Airlines) Сеул аба майданындагы кызматкери.

1995-жылдын баш оона (август) айынан 1997-жылдын бештин айына (декабрына) чейин Сеулдагы Мунхва Берүүлөр корпорациясынын (Munhwa Broadcasting Corporation, MBC) Түркиядагы кабарчысы болуп да иштеген.

1995-жылдын баш оона (август) айынан 1997-жылдын жетинин айына (ноябрына) чейин Түркиядагы Анкара университетинин Корей тили жана адабияты факултетинин толук штаттагы окутуучусу болгон.

2000-жылдын тогуздун айынан (октябрынан) 2001-жылдын аяк оона (сентябр) айына чейин Корея таануу академиясынын чакырылган илимий кызматкери (Visiting Researcher fellow of The Academy of Korean Studies, Seongnam-si) болгон.

2001-жылдын жалган куран (март) айынан 2002-жылдын бештин айына (декабрына) чейин Корея жергиликтүү бийликтеринин эл аралык мамилелер боюнча корунун Эл аралык мамилелер бөлүмүндө (Korea Local Authorities Foundation for International Relations, International Relations Bureau) котормочу болуп эмгектенди.

2001-жылдын бугу (май) айынан 2010-жылдын аяк оона (сентябр) айынан чейин Феминисттик маданият жана теориялар борборунда илимий кызматкер болуп иштеди.

Ошол эле учурда, 2001-жылдын теке (июл) айынан 2001-жылдын баш оона (август) айына чейин Сеул шаарындагы Корея университетинин окутуучусу, 2001-жылдын аяк оона (сентябр) айынан 2002-жылдын бирдин айына (февралына) чейин Сеул шаарындагы Соңгүңгван университетинин (Sungkyunkwan University) окутуучусу болуп иштеген.

2002-жылдын аяк оона (сентябр) айынан 2006-жылдын аяк оона (сентябр) айына чейин Доңдук Аялдар университетинин Корея Аялдар институтунун илимий кызматкери болгон.

2002-жылдын жалган куран (март) айынан 2004-жылдын бирдин айына (февралына) чейин Доңдук Аялдар университетинин дарс берүүчү профессору болгон.

2010-жылдын аяк оона (сентябр) айынан 2010-жылдын баш оона (август) айына чейин Өзбекстандын борбору Ташкендеги Низами атындагы мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору болгон.

2014-жылдын жалган куран (март) айынан тартып азыркыга чейин Доңдук Аялдар университетинин профессору жана ошол эле учурда 2014-жылдын жалган куран (март) айынан тартып ЮНЕСКОнун Азия – Тынч мухит аймагы боюнча заттык эмес маданий мурастар борборунун кеңешчиси кызматтарын аркалап келет.


Таалим алуусу. Билим деңгээли түзөтүү

1987-1991-жылдары Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы Ханкук Чет өлкөлөрдү таануу университетинин Түркология бөлүмүндө бакалавр деңгээлинде окуган.

1992-жылдын аяк ооона (сентябр) айынан 1994-жылдын аяк оона (сентябр) айынан чейин Түркиянын борбору Анкара шаарындагы Хажеттепе университетинде магистрдик деңгээлде окуган.

1994-жылдын аяк оона (сентябр) айынан 1999-жылдын тогуздун айына (октябрына) чейин Анкарадагы Хажеттепе университетинде докторантурада окуган.

2000-жылдын тогуздун айынан (октябрынан) тартып 2001-жылдын аяк оона (сентябр) айына чейин Кореянын Kyunggido жергесинде Корей таануу академиясында доктордук диссертациядан кийинки изилдөө иштерин жүргүзгөн.

2010-жылдын бирдин айынан (февралынан) 2014-жылдын бештин айына (декабрына) чейин Өзбекстандын борбору Ташкен шаарында Өзбекстан Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда докторантурада таалим алган.

Адабий жана илимий ишмердиги түзөтүү

Ыңгөң О айым түркологиялык маселелер жаатында 150дөн ашуун эмгек жарыялады. Анын ичинде 25тей китеп чыгарды.

Алардын арасында өзбек элинин “Алпамыш” жана башка дастандарын иликтеген монографиялары да бар.

Ал түрк калктарынын башка дастандарын, анын ичинде сибирдик түрктөрдүн фолклордук мурасын изилдөө жаатында белсемдүү эмгектенип келет.

2015-жылдын тогуздун айынын (октябрынын) 18-21инде ал Кытайдын Бээжин шаарында уйгур дастандарына арналган биринчи эл аралык илимий жыйынга катышты. Жыйын маалында ал кыргызстандык жана кытайлык түркологдор, манас таануучулар жана кыргыз таануучулар менен таанышты.

Борбордук Азия менен илимий алакалары түзөтүү

 
Профессор Ыңгөң О менен профессор Лаң Йиң (оңдогу четте) айымдар, уйгур дастандарына арналган илимий жыйында. Бээжин ш., Кытай. 19.10.2015.

Ыңгөң О айым Түштүк Корея менен Борбордук Азиянын илимий байланыштарын чыңдоо жаатында 2000-жылдан бери ырааттуу салым кошуп келе жатат.

Өзү да Ташкен шаарында турган чагында борбордук азиялык бир катар шаарларды кыдырган. Аны өзбек кесиптештери Нигора деп атап коюшчу.

Түркияда да таалим алган жана түрк тилинде дарстар окуган.

Билген тилдери түзөтүү

Корей тили – эне тили.

Андан тышкары англис, франсуз, түрк, өзбек, казак жана орус тилдерин өздөштүргөн.

Түрк жана өзбек тилдеринде мыкты сүйлөйт.

Чыгармаларынын кыскача тизмеси түзөтүү

  • Ынгёнг О. “Алпомиш” ва “Жумонг” достонларининг қиёсий-типологик таҳлили / Масъул муҳаррир: Ўзбекистонда хизмат кўрсатган маданият ходими, филология фанлари доктори, профессор Маматқул Жўраев. – Тошкент: Turon zamin ziyo, 2014. - 220 s. - Ўзбекистон Республикаси Фанлар Академияси. Алишер Навоий номидаги Тил ва адабиёт институти. - ISBN 978-943-335-53-0.
  • Eunkyung Oh, Feminist Eleştiri: XX. Yüzyıl Türk ve Kore Romanında Kadın, Ankara: Aydan Veb Ofset Tesisleri, 2005. - vııı+220 s. ISBN 975-8694-21-9.
  • Eunkyung Oh, Türk Edebiyatında Kore savaşı, Ankara: Aydan Veb Ofset Tesisleri, 2005. - 162 s. - ISBN 975-8694-20-0.
  • S. Gölsel Türközü, Hatıce Türközü, Eungkyung Oh, Kore'yi Tanıyarak Korece Öğrenelim, Ankara Lotus Yayınevi, 2014. - 196 s. - ISBN 978-975-6665-85-5.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Сүрөт баян түзөтүү

 
Профессорлор Ыңгөң О (солдо), Т.Чоротегин жана Лаң Йиң (оңдо) Бээжин шаарында уйгур дастандарына арналган эл аралык илимий жыйында. 20.10.2015.