Эгалитаризм же теңдикчилик (фр. egalite – теңдик) – коомдогу граждандардын теңчилигин негиздеген саясий теория. Ири менчиктерди жоюу же ыктыярдуулук менен андан баш тартууга жана өздүк же коллективдик чарбага таянган мүлктүк теңдикти камсыз кылууга багытталган.

Ашынган эгалитаризмдин жактоочулары теңдөөнү адам коомунун турмушун уюштуруунун жалпы принциби катары жакташат. Алардын ою боюнча бул принципти удаалаш жана бардык жерде колдонуучу гана социалдык бытиенин акыйкатсыздыгын жана жетишсиздигин жоюуга жардам бере алат.

Тарыхы түзөтүү

Эгалитаризмдин тарыхый келип чыгышын алгачкы теңчиликтин, уруулук түзүлүштүн таптык, социалдык бир типтүү эмес коомго өтүү дооруна алып барып такаса болот. Байлардын жана кедейлердин пайда болушу, менчик институтунун күзөтүндө турган мамлекеттик аппараттын келип чыгышы алгачкы элитаристтик кыймылдардын негизинде жаткан. Байыркы дүйнөнүн тарыхы буга көптөгөн мисалдарды бере алат. Инжил жана башка диний булактар ойлонуп туруп байлыктан баш тартып, теңчиликти туу кылган көптөгөн мисалдарга толгон.
Эгалитаризм идеяларынын ишке ашышы дүйнөнүн түрдүү региондорунда кездешет. Жаңы мезгилде эгалитаризм эки негизги багытта өнүккөн; либералдык жана радикалдык. Либералдык эгалитаризмдин негиздөөчүлөрүнүн бири деп Ж-Ж. Руссо эсептелет. Ал жеке менчикти сактап калуу менен бирге теңчиликти тургузууну көздөгөн. Радикалдык эгалитаризмдин көз караштары Г. Бабефтин теорияларында өнүккөн. Анын пикири боюнча мүлктүн жалпылыгы гана теңдиктин шарты болуп саналат. Бул идеялар популисттик жана казармалык-коммунисттик доктриналардын жактоочулары тарабынан кабыл алынган.

Тарых көрсөткөндөй бул идеяларды коомго таңуулоо – орой күч колдонуу жана адамдын укуктары жана эркиндиктеринин бузулушу менен коштолот (биздин өлкөдөгү коллективдештирүү, Кытайдагы «элдик коммуналар», Кампучиядагы Пол Поттун режими ж. б.).

Эгалитаризм маанисиндеги саясий ишмердүүлүк түрдүүчө жана кесепеттерге ээ боло алат (либералдык-демократтыктан ашкере радикалдык жана кыйратуучулукка чейин). Бул болсо ар башка өлкөлөрдө жана региондордо чыгууларын анализдөөнү талап кылат.

Колдонулган эмгектер түзөтүү

  • Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. Башкы редактор Ү. Асанов, Жооптуу редактор А. Акунов. Бишкек 2004. ISBN 9967-14-011-9