Эдуард Харрисон Нортон (англ. Edward Norton ;1969-жылы 18-августта туулган) - америкалык актер, режиссер жана жарандык активист. Актер "Алгачкы коркунуч" (Primal Fear, 1996), "Американын белгисиз тарыхы"(англ. American History X, 1998), "Бёрдмэн" (англ. Birdman, 2014) тасмаларындагы ролдорү үчүн үч ирет "Оскар" сыйлыгына талапкер болгон. Ошондой эле, "Баары сүйөм дейт" (англ. Everyone Says I Love You, 1996),"Ларри Флинтке эл каршы" (англ. The People vs. Larry Flynt, 1996), "Мушташ клубу" (англ. Fight Club, 1999), Кызыл ажыдаар" (англ. Red Dragon, 2002), "25-саат" (англ. 25th Hour, 2002), "Бейиш өлкөсү" (англ. Kingdom of Heaven, 2005), "Иллюзионист" (The Illusionist, 2006), "Айдын өлкөсү" (англ. Moonrise Kingdom, 2012), ""Гранд Будапешт" мейманканасы" (англ. The Grand Budapest Hotel, 2014) жана "Чучук кечеси (англ. Sausage Party, 2016) тасмаларында ойногон. Актер "Ишенимди сактай" (англ. Keeping the Faith, 2000) тасмасында режиссердук талантын сынап көргөн, ошондой эле башка тасмалардын дагы сценарийин жазып, режиссердук кызматты аткарган. "Упай" (англ. The Score, 2001), "Фрида" (англ. Frida), "Укмуштуу Халк" (The Incredible Hulk, 2008) тасмаларынын сценарийин жазганы менен кино тармагында бааланган эмес.

Э. Нортон киноактер гана болбостон, айлана-чөйрөнү коргоочу, социалдык активист катары дагы белгилүү. Ал чоң апасы түптөп кеткен "Enterprise Community Partners" гуманитардык уюмунун (арзан үй таап берүү кызматын аркалаган уюм) байкоочу кеңешинин мүчөсү.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү