Делакруа, Фердинанд Виктор Эжен (1798, Сен-Морис, Парижге жакын–1863, Париж) – француз живописчиси жана графиги. 1816-22-ж. классицист П. Н. Герендин өнөрканасында окуп жүрүп, мурдагы чеберлердин (айрыкча П. П. Рубенстин) живописин үйрөнөт. Д. романтизм жолуна түшүп, бара-бара романтизм мектебинин башында туруп, анын прогрессчил жактарын улантат. 1822-ж. “Данте менен Вергилий” (Лувр, Париж) сүрөтүн көргөзмөгө коёт. “Хиостогу бычакташуу” (1823-24, Лувр) сүрөтүндө ал гректердин жапа чегишин терең драматизм менен көрсөтсө, “Греция Миссолунгинин урандысында” (1827) гректердин азаттык үчүн күрөшүн баяндайт. Д. 1831-ж. Улуу француз революцясынын темасына арнап 2 сүрөт (“Буасси д Англа Конвентте”, “Мирабо жана Дрё-Брезе”), согуш темасында “Пуатьеге жакын жердеги салгылашуу” (1830), “Нансинин жанындагы салгылашуу” (1831–34) жана “Мароккодогу еврейдин үйлөнүү тою” (1839), “Араб комедиячылары” (1848) жана башка чыгармаларды тарткан. Ал монументтүү живопись тармагында да көп эмгек сиңирген. Д-нын чыгармачылыгы XIX кылымдагы дүйнөлүк живописте терең из калтырган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү