Эйфель мунарасы (фр. la tour Eiffel) - Париждин борборундагы металл мунара, эн таанымал архитектуралык курулуш; Франциянын улуттук символу.

Эйфель мунарасы

Улуу француз революциясынын жүз жылдыгына арналып 1889-ж. курулган. Башында Париждеги бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө кирүүчү арка катары гана кызмат кылган. Мунара архитектор Александр Гюстав Эйфелдин урматына аталган; Эйфелдин өзү аны жөн гана 300 м мунара деп атаган. Эйфель мунарасынын курулушуна 9441 гширетилген темир кеткен. Аны сырдаш үчүн 60 т боёк талап кылынган. Эйфель мунарасын азыркыга чейин кисти менен 3 жылда бир жолу үч түркүн күрөң түскө боёшот. Анын каптал жактарында 72 көрүнүктүү франдуз окумуштууларынын ж. б. адамдардын ысымдары жазылган (ар бир тарабында 18ден ысым). Эйфель мунарасы жогору карай 3-деңгээлге чейин 1710, 2деңгээлге чейин - 674,1-деңгээлге чейин - 347 тепкич бар. Эйфель мунарасы курулгандан 20 жыл өткөндөн кийин аны бузуп, металлдарды жок кылуу пландаштырылган, бирок бул ишке ашкан эмес. Азыр 1-2-платформасына тепкич, 3-платформа сына лифт менен чыгат. 1-2-платформаларда ресторандары бар. Эйфель мунарасы курулгандан бери ага 200 млн адам кирген. Мунара дүйнөнун эл көп келип, сүрөткө көп түшкөн жайы болуп саналат. Эйфель мунарасы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4