"Эй, Арнольд!" (англ. Hey Arnold!) – Крейг Бартлеттин ойлоп чыгарган, 1996-жылдын 7-октябрынан 2004-жылдын 8-июнуна чейин Nickelodeon каналында көрсөтүлгөн америкалык мультсериалы. Мультсериалда чоң эне-чоң атасы менен бирге пансиондо жашаган төртүнчү класстын окуучусу Арнольддун жашоосу баяндалат. Эпизоддордо Арнольд достору менен бирге чоң шаардын сунган ар кандай маселелерге дуушар болуп тажрыйба топтогондору сүрөттөлөт.

Бул идея Бартлерге Pee-wee's Playhouse долбоору үстүндө иштеп жатканында, экинчи ролдогу Арнольд атындагы каарманды ойлоп жаратканы менен пайда болгон. Аткаруу башчыларына Арнольд каарманы өтө жагып, Бартлер Портленд (Орегон) жана Сиэтл (Вашингтон) шаарларында чогу өсүп-чоңойгон адамдардан ильхом алып каармандардын курамын толуктаган. Бартлер мультсериалдын алгачкы эпизодун 1994-жылы, конок үйүндө жараткан, ал эми официалдуу чыгаруусу 1995-жылы баштаган. Аниматорлордун Арнольдду карапа анимациядан целлулоида анимацияга өзгөртүү иши мультсериалдын бетачарына алып келген. Мультсериал 2001-жылы, 5 сезон жана 100 эпизод менен аяктаган. Сериялар боюнча тартылган "Эй, Арнольд!: Анимацияланган тасма" (англ. Hey Arnold!: The Movie) 2002-жылы жарыкка чыккан. Мультсериалдын баардык беш сезону DVD форматында чыккан.

"Эй, Арнольд!: Жунгли" (англ. Hey Arnold!: The Jungle Movie) аталышындагы сериялардын мутфильм адаптациясынын чыгуусу күтүлүүдө. Мультфильм сериялар бүткөн жерден башталып, сюжеттин жоопсуз калган окуяларынын чечилиштери күтүлүүдө. Мультфильмдин бетачары 2017-жылдын ноябрына пландалган.

Сюжети түзөтүү

Эпизоддор тизмеси түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү