Экватор (equator) — Жер бетинин борбору аркылуу өтүүчү жана Жердин айлануу огуна перпендикуляр болгон элестетилген кесилишүү сызыгы.

Экватор кызыл сызык менен белгиленген.

Ал Жер шарын Түндүк жана Түштүк жарым шарга бөлөт. Географиялык кеңдикти эсептөөнүн башталышы катары кызмат кылат. Экватордун узундугу 40075696 м.

Экватордук координаталар түзөтүү

Асман жарык чыгаруучусунун жантайышы жана саат бурчу (же тик чыгышы).

Экватордук күн сааты түзөтүү

Күн сааты жөнөкөй түзүлүштүү түрү. Анын көрсөткүчү Жердин айлануу огуна параллель жайгашат жана дүйнөнүн уюлуна багытталган, ал эми циферблаты бул багытка перпендикуляр болот. Көрсөткүчтөн түшкөн көлөкө циферблатта айлананы сызат. Циферблаттагы цифралар кадимки сааттагыдай эле бирдей аралыкта жайгашат, айырмасы – айлана 12 эмес 24 саатка бөлүнөт.

Булактар түзөтүү

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
  • Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов