Экстрадиция (өткөрүп берүү)

Экстрадиция (өткөрүп берүү) (лат. extraditio) – кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн адамды бир мамлекеттин экинчи мамлекетке өткөрүп берүүсү. Азыркы конституцияларда жана мыйзамдарда, эреже катары, өз жарандарын чет мамлекетке өткөрүп берүүгө сөзсүз тыюу салынган (анын ичинде КРде да). Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды өткөрүп берүүгө, адатта, тийиштүү мамлекеттерди байланыштырып турган эларалык келишимдерде көрсөтүлгөн учурларда гана жол берилет. Эларалык укуктун жалпыга таанымал принциптерине ылайык, өткөрүлүп берилүүчү адамды өлүм жазасы же кыйноо күтүп турган мамлекетке Э. кылууга жол берилбейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү