Экстранет (же экстратармак) (Extranet-Экстранет) — бул эки же андан көп мекеменин ички маалыматтарын бирдикте пай-далануу үчүн интратармактардын (Intranet) биригүүсү.

Экстранет түзүлгөндө тар-мактардын биригүүсү демейде толук болбойт, б.а. ар мекеменин маалыматтарынын айрым бөлүгү башка мекеме- экстранет катышуусу үчүн жабык бойдон кала берет. Ошондуктан экстранетти түзгөндө мекеменин ар кызматкеринин башка мекеменин маалыматтар ресурстарына жетүү укугу аныкталат. Экстранеттер бири бири менен өнөктүк мамиледе болгон ишканалар ортосунда түзүлөт, мисалы, өндүрүүчүлөр жана жабдуучулар. Мында ишка-налар жеке эле берилиштер базасын бирдикте пайда-ланбастан, кагазсыз документ кыймылын уюштурат.

Колдонулган адабият түзөтүү