Электорат – бардык саясий укуктарды жана эркиндиктерди пайдаланган, өлкөдөгү граждандардын жыйындысы түзгөн, шайлоочулардын корпусу. Коомдогу ар бир олуттуу саясий уюмдун өзүнө таандык шайлоочулары бар.

Бул шайлоочулар белгилүү бир аймакта жашоосу же бир уюмга биригүүсү мүмкүн. Бирок, тигил же бул саясий уюмга жан тартпаган, «бош жаткан» шайлоочулардын көптөгөн топтору бар. Демек, саясий күрөштүн сыры ошолорду өзүнө тартууда, добуштун санын көбөйтүүдө жана ушул жол менен бийликке келүүдө жатат. Мындан тышкары, ар бир саясий күчтөн өзүнүн «менчик» шайлоочуларынын көз карашын өзгөртүп жиберүүгө жөндөмдүү көптөгөн шарттар жана себептерди эске алуу зарыл.

Азыркы саясий партиялар төмөнкүдөй альтернативанын алдында турушат:
же жаңы катмарларды жеңип алуу, же өзүнүн адаттагы «менчик» шайлоочуларына таянып, акырындык менен өзүнүн таасирин жоготуу. Бүгүнкү күндөгү саясий күчтөрдүн жайгашынын өзгөрүшү мына ушулар менен түшүндүрүлөт.

Шайлоочулардын кандайдыр бир чечимге келишине, биринчи кезекте, төмөнкүдөй төрт себеп таасир көрсөтөт:

  • 1) саясий системанын, шайлоо системасынын, массалык маалымат каражаттарынын ж. б. өзгөчө түзүлүшү;
  • 2) саясий маданият, биринчи кезекте, демократтык салттардын жана менталитеттин болушу же болбошу;
  • 3) кырдаал факторлору, саясий партиялардын, саясий лидерлердин саны жана таасири, шайлоочулардын каолицияларын түзүү мүмкүнчүлүгү ж. б.;
  • 4) Эл аралык мамилелер, экономикалык кырдаал, шайлоолор алдындагы күрөштүн өзгөчөлүктөрү ж. б.

Колдонулган эмгектер түзөтүү

  • Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы.Башкы редактор Ү. Асанов, Жооптуу редактор А. Акунов. Бишкек 2004. ISBN 9967-14-011-9