Электровоз - энергияны электр тармагынан (контакттык) же өзүндөгү аккумулятордон алып, электр кыймылдаткычынын жардамы менен кыймылга келүүчү локомотив.

Электровоз DB 182

Арналышына карай магистралдуу (жүк, жүргүнчү, жүк-жүргүнчү ташыгыч), маневрдүү, өнөр жай жана тоо-кен Электровоз, токтун түрү боюнча туруктуу жана өзгөрмө ток Электровоз болуп айырмаланат. КМШ өлкөлөрүнүн көмүр шахталарын локомотив аккумулятордук, рудниктериники - 100% контакттык Электровоз болуп саналат. Электровоз механикалык бөлүктөрдөн, электрдик жана пневматикалык жабдуулардан турат. Механикалык бөлүктөргө кузов, дөңгөлөктүн алкагы, дөңгөлөктөр, кыймылга келтиргич, рессора, тормоз кирет. Электр жабдуулары пайдалануучу токтун түрүнө жараша тартуу күчүн түзүүчү электр кыймылдаткычынан, жардамчы электр машинасынан ж. б. түзүлүштөн турат. Пневматикалык жабдуу компрессор, кысылган аба сакталчу резервуардан туруп, башкаруу, тормоздоо системаларын иштетет. Электровоздун ылдамдыгы электр кыймылдаткычынын чыңалуусун өзгөртүү аркылуу башкарылат. Көпчүлүк Электровоз электр тормоз түзүлүштөрү менен жабдылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4