Электромиография - электро+гр. «мио» - «булчуң» + графия) сүйлөө мезгилиндеги ооз булчуңдарынын биологиялык жөндөмүн (биопотенциалын) белгилөө үчүн колдонулат.

Киши менен жаныбарлардын булчуңдарында дүүлүгүүдөн пайда болгон биоэлектрдик потенциалдарды изилдөө ыкмасы. Кагазга же атайын фотоплёнкага жазылат. Анын жардамы менен нерв жана булчуңдун ортосундагы импульстардын өтүшү, кыймыл аппаратынын рефлекстик иштеши, козголуунун нерв аркылуу өтүү ылдамдыгы аныкталат. Электромиография кыймыл функцияларын изилдөөдө, эмгек физиологиясы менен спортто, невропатологияда, кээ бир нерв-булчуң ооруларын диагноздоодо, ортопедия жана протездөөдө колдонулат.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine