Электр генератору - ар түрдүү энергияны (механикалык, химиялык, жылуулук, жарык) электр энергиясына айландыруучу түзүлүш.

Механикалык энергияны туруктуу же өзгөрмө токтун энергиясына айландыруучу машина электр машиналуу генератор деп аталат. Мында механикалык энергия буу газ жана ичинен куймө кыймылдаткычтардан алынат. Химиялык энергия электр энергиясына гальваникалык элементтердин жардамы менен, жылуулук энергия термобатарея жана магнит гидродинамикалык генератор менен, ал эми жарык энергиясы фотоэлементтердин жардамы менен айландырылат. Эл чарбасында колдонулган бүт электр энергиясы машиналуу генератордун жардамы менен алынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4